Корумду-Балбай-Баатыр унаа жолунда иш кызуу жүрүп жатат
- 613 просм.
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогун реконструкциялоонун алкагында бир катар курулуш иштери аткарылууда.
Подрядчы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» ишканасы керектүү курулуш техникаларын жана жумушчуларды мобилизациялоодон өткөрүп, учурда иш жүрүп жатат.
Учурда, подрядчы тарабынан жолдогу топурактын үстүнкү катмарын тазалоо жана алып салуу, эски асфальт жолду фрезерлөө, эски асфальт-бетон төшөлмөсүн жумшартуу жана демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ал эми жараксыз материалдар экскаватор менен сүрдүрүп чыгарылды.
Мындан тышкары, учурдагы темир-бетон электр мамыларын демонтаждоо жана аларды утилизациялоочу жайга жеткирүү жана суу түтүктөрүн жылдыруу боюнча иштер башталды.
Ошондой эле подрядчы полигондогу көпүрөлөр жана суу өткөргүчтөрү үчүн темир-бетон буюмдарын жана конструкцияларды чыгаруу боюнча иш алып барууда.
Маалымат ирээтинде айта кетсек, реконструкциялануучу жол «Ысык-Көл айланма жолунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин Корумду-Балбай-Баатыр участогу. Жалпы узундугу 79,3 км. Аталган долбоордун курулуш мезгили 2024- 2027-жылы бүтөт жана кепилдик мөөнөтү 3 жыл болот.
Министрликтин маалымат кызматы




