mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Корумду-Балбай-Баатыр жолунун курулушу

“Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери жүрүүдө. Азыркы тапта подрядчы тарабынан (China Road and Bridge Corporation) жер жумуштары аткарылып жатат.

Курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган.

Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы