Корумду-Балбай Баатыр жолунда асфальттын экинчи катмарын тɵшɵɵ башталды
- 26 просм.
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери жигердүү улантылууда. Учурда асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын (ЩМА) төшөө иштери башталды. Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Корумду – Балбай Баатыр тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык техникалык талаптар сакталууда, ошондой эле тиешелүү тилкелерге убактылуу багыт берүүчү элементтер жана жол белгилери орнотулган.
Маалымат үчүн: «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесин реконструкциялоо» долбоору боюнча курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Долбоордо унаа жолун төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана веложолду куруу, ошондой эле 2 жер астындагы өтмөктү, 14 көпүрөнү жана 877 суу өткөрүүчү түтүктү курулушу каралган.
2025-жылдын курулуш мезгили башталгандан бери 79,2 чакырым аралыкка асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 20,7 чакырымга жогорку катмары (ЩМА) төшөлдү. Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы өтмөктүн курулушу жана реконструкциясы дээрлик аяктады.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы