Коомдук транспорт көйгөйү: Чоң-Жар, Кичи Шалта, Дача-Радуга тургундарынын маселеси чечилди
- 6 просм.
Бүгүн, 23-декабрда Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта, Дача-Радуга конуштарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда буга чейин көйгөй жаратып келген коомдук транспорт маселеси жеринен талкууланды. Натыйжада, каттамды тейлеген «Восток-Запад Транзит» ЖЧКсы тарабынан №366 каттамга дагы 1 кошумча автобус коюлуп, аткарылуучу рейстердин cаны көбөйтүлдү.
Буга чейин аталган конуштары тейлеген №366 шаар четиндеги каттам ырааттамасы боюнча 1 автобус күнүнө 5 рейс аткарып келгенин белгилейбиз.
Эскерте кетсек, 22-декабрь күнү Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта, Дача-Радуга конуштарынын тургундары коомдук транспорт көйгөйүн айтып, социалдык тармактан кайрылуу жасаган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы