Комсомол–Барпы–Түрк-Абад автожолу асфальтталат
- 29 просм.
Комсомол–Барпы–Түрк-Абад автожолунун 5 чакырым 400 метр аралыгында реконструкциялоо иштери улантылууда. Долбоорго ылайык, аталган жол тилкеси 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө.
Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Өткөн жылы аталган жолго 3 чакырым 900 метр аралыкка биринчи катмар асфальт төшөлгөн.
Жол тилкесинде жалпы эки көпүрө каралган. Анын ичинен бир көпүрө толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ал эми 1 чакырым 900 метр аралыкта жайгашкан экинчи көпүрөнүн курулушу активдүү уланууда. Кɵпүрɵдɵгү круулуш иштер жакынкы 1 ай ичинде бүтүшү пландалууда.
Учурда бардык иштер белгиленген графикке ылайык подрядчы компания тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы