mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Каракол шаарындагы автобекеттин аймагы асфальтталууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында Каракол шаарындагы автобекеттин аймагын асфальттоо иштерин баштады. Учурда эски асфальтты сыйруу жумуштары жүрүп жатат.

Эске салсак, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев май айынын башында автобекеттин абалын жеринен көрүп, колдонууга берилгенден тарта (1988-жылы) капиталдык ремонт кылынбаган имаратты жана анын айланасын асфальттоо тапшырмасын берген.

Айта кетсек, автобекеттин башкы имараты Каракол шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде тарыхый-маданий жана архитектуралык обьектилердин тизмесине киргизилген. Азыркы тапта имаратты оңдоп-түзөө иштери да башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы