mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

Келген коноктордун жана жергиликтүү элдин ыңгайлуулугу менен жол кырсыгын алдын алуу максатында “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген. 2024-жылы жалпы 7 чакырым жолдун 3,5 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Баса белгилеп кетчү жагдай, министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы