mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Караколдогу Иса Күчүков көчөсү колдонууга берилди

 27-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев оңдоп-түзөөдөн өткөн Каракол шаарындагы Иса Күчүков көчөсүнүн ачылышына катышты.
 
Жергиликтүү тургундар менен жолуккан министр, жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында асфальт төшөө иштери графикке ылайык аяктаганын белгиледи.
 
Күчүков көчөсүнүн 3,6 чакырымына асфальт басылды. Унаа жүрүүчү тилкеси 14 метрди түзөт жана төрт чийиндүү. Мындан тышкары, жаңы лотоктор жана бордюрлар орнотулууда.
 
Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев август айынын аягында аталган көчөдөгү асфальт төшөө иштери менен жеринен таанышып, ишти мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү тапшырган.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы