Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолу: Быйыл 7 чакырым жол асфальтталат
- 69 просм.
Нарын облусундагы Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Ат-Башы районуна караган бул жолдун учурда 4,1 чакырымы жасалууда. Ал эми асфальт 1,7 чакырым жолдун бир тарабына басылып бүттү.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы 24 чакырымды түзгөн Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунун 7 чакырымын оңдоо каралган. Май айынын башында 3 чакырымына асфальт басылып, жумуштар жыйынтыкталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы