mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Нарын облусундагы Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Ат-Башы районуна караган бул жолдун учурда 4,1 чакырымы жасалууда. Ал эми асфальт 1,7 чакырым аралыкка басылып бүттү.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы 24 чакырымды түзгөн Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунун 7 чакырымын оңдоо каралган. Май айынын башында 3 чакырымына асфальт басылып, жумуштар жыйынтыкталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кызматы