mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кайтпас – Өтүкчү автожолундагы узундугу 72 метр болгон көпүрө оңдолду

Кадаймжай районундагы Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактары аркылуу өткөн Кайтпас – Өтүкчү автожолундагы Кожешкан дарыясы аркылуу Өзбекстандын Тул айылына (мурдагы Рыштан – Сох ) өткөн көпүрө оңдолуп колдонууга берилди.

Аталган жол СССРдин убагында Өзбекстан Республикасы тарабынан курулуп, каралып келген. Союз тарагандан кийин бул жол эч кимдин балансында жок болуп каралбай калган. Кийинки учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына кабыл алынган.

2023-жылы жогоруда айтылган жолдо Кожешкан суусу аркылуу салынган көпүрөнү реконструкциялоо тапшырмасы берилип, 2024-жылы капиталдык реканструкциялоодон өткөн. Тактап айтканда ортонку таянычы жаңыдан курулуп, жээктерин чыңдалып, эки таянычтын үч тарабы кайрадан жаңыланган.

Көпүрөнүн узундугу 72метр болуп, эки тараптуу тротуарлары, коопсуздук тосмолору жаныланып, Жол чарба департаменти тарабынан сметалык баасы 25,5 млн сом коюлуп, тендердик баа 22,7 млн сомго бааланып, “Мегатранс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп пайдаланууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы