mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Казарман-Акталчат унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бирдик-Арал-Карл-Маркс унаа жолунун 0-3 чакырымдар аралыгында автогрейдер менен тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
 
Казарман-Акталчат унаа жолунун 2-5 чакырым аралыгында асфальт төшөө планга коюлган. Аталган жолдун 1,8 чакырымына асфальт басылды. Жолдун калган бөлүгүнө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулуп бүтүп, асфальт төшөөгө жер негизи даярдалып жатат, 1,2 чакырым асфальт төшөлөт.
 
Ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман участогунда таштандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы