Инерттик материалдарды чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө
- 596 просм.
Министрликтин алдындагы Жол тейлөө ишканалары тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. №14 Жол тейлөө ишканасы Сары-Булак-Арчалы-Оруктам автожолунун Аккыя участкасынын 10-15 чакырымындагы булактан чыккан суу жолдорду каптап кеткендиктен муздарды чагып, инерттик материалдарды себүү, тегиздөө иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, Сары-Булак-Арчалы-Оруктам автожолунун 21-31 чакырымына чейин автогрейдер менен кырып тегизделүүдө.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 290-291-293-чакырым аралыгындагы суу өтүүчү түтүкчөлөрдөгү муздарды кол менен чагуу жана жол жээгин тазалоо иштери жүрүп жатат. №43 Жол тейлөө ишканасы Кант-АБЗ унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу максатында, эски куурап калган бак- дарактардын бутактарын кыйып, жол жээгиндеги таштандыларды тазалашты. №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма автожолун автогрейдер менен кырып, тегиздөө жумуштары жүрүп жатат.
Ушундай эле жол тегиздөө иши № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Арал-Миң-Куш автожолунун 0-24 чакырым аралыгында, Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун Үч-Арал-Кызыл-Ой тилкесинин 135-150 чакырымдар аралыгында шагыл жолду калыбына келтирүү, кум-шагыл аралашмасын төшөө, тегиздөө иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы