Заречное айылындагы Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү куруу иштери кызуу жүрүүдө
- 66 просм.
Чүй облусундагы Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолунда Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү куруу иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуудагы казуу иштери толугу менен аяктады. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн бири толугу менен бүтүп, экинчисин орнотууга бетон аралашмасы куюлуп жатат. Бетон аралашмасы куюлуп бүткөн соң, курулушка керектүү арматуралар орнотулат.
Маалымат иретинде айта кетсек, көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2024-жылдын 24- июлунан тарта №25 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан убактылуу көпүрө салынып, автоунаалар үчүн каттам камсыз болгон. Учурда ушул убактылуу көпүрө аркылуу автотранспорт каттап жатат. Аталган көпүрө ушул жылдын аягына чейин бүтүп, каттам берилет.
Министрликтин маалымат кызматы