Жөө адамдар өтүүчү жол чийиндер жаӊыртылууда
- 650 просм.
Жөө адамдар өтүүчү жол чийиндер жаӊыртылууда
«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жөө адамдар өтүүчү жол чийиндерин жаңыртууда.
Учурда иштер Суусамыр — Талас – Тараз унаа жолунун 36-84-чакырымдар аралыгында жүрүүдө.
Ошондой эле, көрктөндүрүү, жол белгилерин иретке келтирүү, оңдоп-түзөө жана сырдоо жумуштары аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


