Жүргүнчү жана жүк ташыган унаалар текшерилүүдө
- 119 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Ошондой эле, инспекторлор тарабынан алыс жолго сапар алган айдоочуларга керектүү шаймандарды (күрөк, чынжырча) алып жүрүү боюнча маалымдоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы