Жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата текшерүү иштери уланууда
- 37 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Текшерүү иштери менен катар, айдоочуларга кышка даярдык жана жанына керектүү шаймандарды (күрөк, чынжырча) алып жүрүү боюнча маалымдоо, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы