Жылдын жыйынтыгы: Министрликтин коллегиясы өттү
- 12 просм.
Бүгүн, 6-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Бектурсун Дыканбаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары, бөлүм башчылар жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Күн тартибинде жалпы 4 маселе каралып, 2025-жылдын жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган милдеттер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, министрликтин борбордук аппаратынын узап кеткен жыл ичиндеги жалпы иштери, аткаруу тартиби, жарандардын кайрылуулары тууралуу отчету угулду.
Коллегиянын соңунда жумушунда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге тартиптик жаза колдонуу маселелери каралды.
Жыйынтыгында министр Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




