mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол чарба департаментинин директору Абдыкалыков Камилжан Коргонбаевич  “Даңк” ордени менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Абдыкалыков Камилжан Коргонбаевичти  “Даңк” ордени менен сыйланганын куттуктады.

Министр жол тармагына кошкон салымы, эл үчүн өтөгөн ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү ишмерлерин, мамлекеттик кызматкерлерди, маданияттын мыктыларына сыйлык ыйгарды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигин маалымат кызматы