Жол тейлөө мекемелери (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:
- 83 просм.
🔰№51 ЖТИ: Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда асфальт басууга даярдык жумуштары жүргүзүлдү.
🔰 №48 ЖТИ: Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 14-15-чакырым аралыгында орто оңдоо иштери жүрүүдө.
🔰№955 ЖТИ: Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 221-271-чакырым аралыгы таштандылардан тазаланды.
🔰№955 ЖТИ: Кочкор-Коммунизм авто жолунун 0-10 — чакырым аралыгында көпүрөлөр, ошондой эле белги берүүчү мамычалар акталып, сырдалды.
🔰№3 ЖТИ: Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда жол белгилерин актап-сырдоо жана чөп-чарларын жулуу иштери аткарылууда.
🔰№ 18 ЖТИ: Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Казарман-Арал участогунун 296-чакырымындагы таштар тазаланып, парапеттердин түбүндөгү топурактар шыпырылып, иретке келтирилди. Кюветтеги таштарды тазалоого 1 даана мехпогрузчик , 2 даана хово атайын техникалары тартылды. Бүгүнкү күнгө 8955м3 таш көчкү тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.