Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан жол бетин кырып, тегиздɵɵ иштери жүрүүдө
- 112 просм.
№20- Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Ача-Кайынды-Май-Босого унаа жолунун 14-34 чакырым аралыгын автогрейдер менен кырып тегиздеп, жол үстүндө чыгып калган таштарды терүү иштери жүрүүдɵ.
Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 5-33- чакырымында жол бетин кырып, тегиздөө иштери аткарылды.
Ушундай эле жол жумуштары №24- Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Арал-Миң-Куш авто жолунун 0-24 чакырымдар аралыгында да жол бетин тегиздɵɵ иштери жүрүүдө.
Профилировка жумуштары ар ай сайын муктаждыгына жараша жүргүзүлүп турат.
Министрликтин маалымат кызматы