mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда

Бүгүн, 10-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык. Аталган ашууда -46…-47° градус суук. Жол тазалоо иштерине 4 даана автогрейдер, 3 даана автопогрузчик, 1 даана манипулятор, 1 МДК, 16 жол жумушчу тартылган.  Күндүн суугунан күйүүчү майлар суукта тоңуп, бир аз кыйынчылык жаратып жатат. Ага карабастан каттам бар, жол эки тарап ачык.

Мындан тышкары, жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы