mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат. Каттам бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 8-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз 4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19 градуска чейин төмөндөрүн кабарлаган.

Мындан улам министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы