mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштери

Чүй облусундагы Красная-Речка-Ысык-Ата унаа жолунда (24-чакырымы) асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар № 43 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Ушундай эле иштер Сары-Булак-Арчалы-Өрүк-Там унаа жолунун 11-14-чакырымдар аралыгында жүрүүдө. Азыркы тапта аталган тилкеде 2200 метр жер жасалды.

Ошондой эле, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Кара-Булак-Бейшеке жолунун 2 чакырымын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ал эми №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кемин-Ильич-Ак-Түз жолунда аң-чөнтөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 221-271- чакырымдар аралыгында жана Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунда (0-26-чакырымдар аралыгы) жол белгилери жаңыланды. Баетов-Макмал жолунда болсо (8,5-90-чакырымдар арылыгы) шагыл жолду кырып тартуу менен таштарды терүү иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы