mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштери кызыды…

Жети дубан жолдорунда асфальт төшөө менен катар аң-чөнөктөрдү толтуруу, селдин кесепеттерин жоюу жана жолдорду кармоо (актоо, сырдоо, тазалоо жб) иштери кызуу жүрүүдө.

Учурда Акталчат-Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө үчүн даярдыктар көрүлүп, битум эмульсиясы чачылып жатат. Кара-Жыгач-Сары-Челек, Кара-Балта-Моңолдор, Аламүдүн-Мыкан-Дачный, Чар-Ак-Муз, Он-Арча-Жаңы-Талап-Развилка унаа жолдорунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Ал эми Казарман-Акталчат унаа жолунда эски асфальт катмарын сыйруу жумуштары жүрүп жатат.

Ошондой эле, Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата, Кашка-Терек-Катыраңкы, Кант-Милянфан, Кара-Суу-Отуз-Адыр, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолдорунда жаралган аң-чөнөктөр толтурулууда.

Бишкек-Нарын-Торугарт, Түп-Кеген, Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолдорунда жол чийиндерин, жөө адамдар өтүүчү сызыктарды (зебра) чийүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, өлкө аймагындагы сел жүргөн жолдордо калыбына келтирүү, суу жеп кеткен жерлерди толтуруу иштери да кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы