mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштери: Аймактарда аткарылган жумуштар

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары (ЖТИ) тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:

📌№958 ЖТИ: Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө. Луговой-Ат-Башы жолундагы жол белгилер алмаштырылып жатат.

📌№48 ЖТИ: Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 2,7 чакырымына асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүп жатат.

📌№43 ЖТИ: Новопокровка-Туз жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды.

📌№8 ЖТИ: Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма (Развилка) унаа жолунда тегиздөө, суу себүү менен таптоо жумуштары жүрүүдө.

📌№25 ЖТИ: Кой-Таш-Узун-Кыр унаа жолунда аң-чөнөктөр жамалууда.

📌№957 ЖТИ: Калинин-Погранич-Кызыл-Туу жолунда орто оңдоо иштери жүрүп жатат.

📌№32 ЖТИ: Кемин-Ильич-Ак-Туз унаа жолундагы аң-чөнөктөр жамалды.

📌№15 ЖТИ: Акталчат-Жогорку-Май жолунда асфальт басыла турган тилкенин астындагы суу өтүүчү түтүкчөлөрдү оңдоп, калыбына келтирүү иштери уланууда.

📌№39 ЖТИ: Аламүдүн-Мыкан-Дачный унаа жолунда аң-чөнөктөр толтурулду.

📌№44 ЖТИ: Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунун 24-25-чакырымдар аралыгына жол белгилери орнотулуп, эскилери алмаштырылды.

📌№ 955 ЖТИ: Бердалиев, Москва көчөлөрүнө кум-шагыл аралашмасы төгүлдү. Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымдар аралыгындагы жол белгилери алмаштырылды.

📌№47 ЖТИ: Тараз-Талас-Суусамыр жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары жүруп жатат.

📌№30 ЖТИ: Үч-Терек-Өзгөрүш жолунун 21-24-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүүдө.

Мындан тышкары, асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу менен катар аймактардагы жолчулар тарабынан куурап калган бактардын бутактарын кыркуу, тоо боорунан кулаган таштарды терүү, селдин кесепеттерин жоюу, жол боюндагы арыктарды жана айланасын тазалоо, тосмолорду, бордюрларды жана аялдама менен көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы