mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштеринин түрмөгү

№ 20 Жол тейлөө ишканасы: Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен курулуп жаткан Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 0,9-4,9-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта бир тараптуу 240 метрге төшөлдү.

№ 32 Жол тейлөө ишканасы: Кара-Булак-Бейшеке жолуна асфальт төшөлүүдө. Учурда 2 чакырым 210 метр жери басылды.

№ 957 Жол тейлөө ишканасы: Калинин-Погранич-Кызыл-Туу жолу жасалууда. Учурда 2,4 чакырымдын 400 метр жери жасалды.

№ 5 Жол тейлөө ишканасы: Мырзаке-Кара-Баткак жолунун 8-12-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштары кызуу жүрүп жатат.

№ 18 Жол тейлөө ишканасы: Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо бетинен кулаган таштар тазаланды.

№ 957 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 473-478-чакырымдар аралыгындагы Ак-Бейит ашуусунда тайгакка каршы инерттик материалдар даярдалды.

№ 5 Жол тейлөө ишканасы: Мырзаке-Кара-Шоро жолунун 30-чакырымындагы көпүрөнүн түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары башталды.

№ 8 Жол тейлөө ишканасы: Нарын-Үч-Нура унаа жолун автогрейдер менен кырып, тегиздөө жумуштары аткарылды.

№ 47 Жол тейлөө ишканасы: Ключевка-Май-Бакыян  унаа жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө. Ошондой эле, Р. Жанаев көчөсүнө кум-шагыл аралашмасы төгүлдү.

№ 32 Жол тейлөө ишканасы: Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.

№ 41 Жол тейлөө ишканасы: Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 285-294 жана 354-356-чакырымдар аралыгындагы дааратканаларды, аялдамаларды, таштандыларды тазалоо жумуштары жүрүүдө.

№ 959 Жол тейлөө ишканасы: Гүлчө-Корул-Суук-Дөбө, Гүлчө-Каблан-Көл жана Каблан-Көл айылынын ичиндеги унаа жолго асфальт басууга жер негизи даярдалды. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы бордюрлардын түптөрүн тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы