Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө
- 27 просм.
“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери менен Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүрүүдө.
Мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.
Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 27-чакырымында (Буденовка айылы), 32.200-чакырымында (Красная Речка айылы) жана жолдун 154-чакырымында (Балыкчы шаары) мыйзамсыз жайгашкан курулуштар алынды. Ушундай эле жумуштар Ош-Сары-Таш-Эркечтам, Сары-Таш-Карамык, Ош-Баткен-Раззаков, Бишкек-Ош, Алма-Ата-Бишкек-Ташкент, Суусамыр-Талас-Тараз жана башка унаа жолдордо жүрүүдө.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы