mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол белгилер жаңыланууда

Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан ɵлкɵ ичиндеги  мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо эскилиги жеткен жол белгилерди жаңылоо жана жол чийиндерин чийүү  иштери жүрүүдө.

Жогоруда айтылган жол белгилер  “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устаканада чыгарылып, Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде, базар баасынан тɵмɵн баада керектүү жол белгилер берилүүдө.

Белгилей кетсек,  жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 50 даана жол белги даярдалып чыгарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы