mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол белгилери жаңыланууда

Жети дубан жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Ушул тапта № 44 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) кызматкерлери Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолундагы жол белгилерин жаңылап жатышат. Ошондой эле, № 958 ЖТИси тарабынан Бишкек-Луговое-Кордай унаа жолун бойлой эскирген жол белгилери алынып, алмаштырылды. Ушундай эле жумуштарды № 43 Жол тейлөө ишканасы аткарып, анда жолчулар Красная-Речка-Ысык-Ата, Кант-Жээк-Дмитриевка жолдорундагы жол белгилерин жаңылашты.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана 2024-жылы жалпы 15 миңден ашык жол белгисин чыгарган.

Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы