Жол белгилери жаңыланууда
- 701 просм.
Жети дубан жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.
Ушул тапта № 955 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 0-68-чакырымдар аралыгындагы жол белгилерин жаңылады. Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун бойлой эскирген жол белгилери алынып, алмаштырылды.
Министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жыл башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 11 миң 250 даана жол белгисин жана 8 миң 264 даана катафот чыгарды.
Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, ал толук кандуу иштеп жатат.
Айта кетчү жагдай, өлкө жолдорунда жол белгилерин жаңылоо менен катар жөө адамдар өтүүчү сызыктарды жаңылоо, тазалоо сыңдуу жумуштар жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





