mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө

Жети дубан жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана келип түшкөн бардык буюртмаларды өз убагында чыгарып берүүдө.

Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.

Эске салсак, былтыр «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жалпы 15 миңден ашык жол белгисин чыгарган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы