mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

№ 955 Жол тейлөө ишканасы:

Кум-Дөбө-Шамшы унаа жолунун 0-31-чакырымдар аралыгын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрдү.

№ 18 Жол тейлөө ишканасы:

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан кулаган таштар тазаланды.

№ 41 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 290-291-293-чакырымындагы суу өтүүчү түтүктөрдүн музун чагуу иштери аткарылды.

№ 958 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы (16-чакырымы) мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды.

№ 28 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек-Кара-Балта жолунун 15,9-37,9-чакырымдар аралыгындагы жол боюндагы тосмолордун түбү тазаланды.

№ 9 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек-Ош жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалууда.

№ 32 Жол тейлөө ишканасы:

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна катафоттор коюлууда.

№ 20 Жол тейлөө ишканасы:

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 5-33-чакырымдар аралыгын  автогрейдер менен кырып тегиздөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге инерттик материалдарды себүү иштери менен жети дубан жолдорунда жол белгилерин жаңылоо жумуштары кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы