mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган иштердин түрмөгү

№34 ЖТИ: Кант-Чүй көпүрөсү унаа жолунда (2,5-4,5-чакырымдар аралыгы) аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында орун алган көпүрөнүн айланасы толук тазаланды.

№ 47 ЖТИ: Талас-Калинин-Бакай-Ата унаа жолунун 9-13-чакырымдар аралыгында жол белгилерди, көпүрөлөрдү тазалап, актоо, сырдоо иштери жүрүп жатат.

№ 24 ЖТИ: Арал-Казарман жана Арал-Миң-Куш унаа жолуна тоо боорунан түшкөн таштар тазаланып, жолго чыккан сууларды буруу жумуштары жүрдү.

№3 ЖТИ: Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кар эрип, жолдун суу жеп кеткен бөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

№36 ЖТИ: Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери жүрүүдө.

№ 48 ЖТИ: Тараз-Покровка-Кайынды жолунда (21-22-чакырымдар аралыгы) аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылууда.

№ 51    ЖТИ: Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда грейдердин жардамы менен тегиздөө, суу чачуу жумуштары жүрүп жатат.

№ 959 ЖТИ: Гүлчө-Арпа-Кызыл-Суу жолунда сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы