ЖОЛДОР АЧЫК, КАТТАМ БАР. АШУУЛАРДАГЫ БҮГҮНКҮ АБАЛ
- 7 просм.
Бүгүн, 26-декабарга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Бишкек-Ош унаа жолунда, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы