mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин,»Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин мыйзамдарына ылайык төмөнкү бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт:Посттордо транспорттук кѳзѳмѳлдѳѳ кызматынын 3 (үч) инспектор (мындан арыПТКК)

Квалификациялык талаптар: ПТКК инспекторго
    1) Кесиптик билиминин деңгээли:
— Жогорку техникалык билиминин автоунаа транспорту жана автоунаа жолдору багытында,
экономикалык, юридикалык жана IT-Технология тармагындагы жогорку билим.
    2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбаса.
    3) Кесиптик компетенциялар:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген проблемалуу кырдаалдарды өз
убагында аныктоо жана чечүү;
— милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү
издөө;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— командада иштөө.
    4) Көндүмдөр:
— мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды
колдоно билүү.
     Инспектордун функционалдык милдеттери :
— башкармалыктын жана бөлүмдүн жоболоруна ылайык функционалдык милдеттерди
аткаруу;
— Нарын облусунун аймагында транспорттук иштер жана транспорттук процессти камсыз
кылуучу кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын ишин
текшерүү;
— юридикалык жана жеке жактардын ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы
боюнча маалымкаттардын актыларын түзүү жана табылган бузууларды жоюу боюнча
жазма буйруктарды тариздөө;
— кызматтын кызматкерлеринин ички тартипти жана эмгек тартибин сактоосун камсыз
кылуу;
     Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өздүк арыз жана кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, автобиография (соттолбогону
бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган
документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы
тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын
жогорулатуу, эсептик даражасын жана эсептик наамын ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү);
Талапкерлердин документтери сайттарга жарыяланган күндөн тартып 10 (он)
календардык күндүн ичинде Нарын ш., Нарын көч.,№30 дареги боюнча кабыл алынат,
маалымкат үчүн Телефон (03522) 5-19-23