mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусу: Абсаттар Сыргабаев жол оңдоо иштерин тездетүүнү тапшырды

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапары уланууда. Жетекчи Базар-Коргон жана Аксы райондорундагы жолдорду кыдырып, курулуш иштеринен кабар алды.

Алсак, азыркы тапта Базар-Коргон-Кызыл-Үңкүр унаа жолунун 7-17-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер жумуштары жүрүп жатат. Абсаттар Сыргабаев аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын жетекчисине башталган ишти 1-октябрга чейин аяктоону тапшырды.

Ошондой эле ал Ала-Бука-Кербен-Таш-Көмүр унаа жолундагы Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүн кыдырып, асфальт төшөө жумуштарын текшерди.

Министрдин милдетин аткаруучу Кара-Жыгач-Сары-Челек жолуна барып, планга кирген 6 чакырым аралыкка асфальт төшөө иштерин тездетүү менен жумуштары 30-сентябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы