Жалал-Абад облусунда жасалып жаткан жол жумуштары
- 72 просм.
№ 12 Жол тейлөө ишканасы: Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунда (17,3-22-чакырымдар аралыгы) асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Учурда 3,4 чакырым жер жасалды.
№ 17 Жол тейлөө ишканасы: Айры-Там-Кара-Үңкүр жолунун 13,5-15,5-чакырымдар аралыгы асфальтталууда.
№ 22 Жол тейлөө ишканасы: Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 2 чакырым 550 метр жери жасалды. Жумуштар жолдун 6,5-9,1-чакырымдар аралыгында жүрдү.
№ 23 Жол тейлөө ишканасы: Токтогул-Беш-Таш автоунаа жолунда (48-49-чакырымдар аралыгы) асфальт басууга жолдун негизи даярдалууда.
№ 27 Жол тейлөө ишканасы: № 27Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы бардык техникаларды кыш мезгилине даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
№ 30 Жол тейлөө ишканасы: Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолунун 21-24-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө. Учурда жумуштар ортодон ооп, 1650 метр жери жасалды.
№ 31 Жол тейлөө ишканасы: Дмитриевка-Кара-Алма автоунаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу, тегиздөө иштери жүргүзүлдү.
№ 38 Жол тейлөө ишканасы: Таш-Көмүр-Кызыл-Жар жолунда асфальт төшөлүүдө.
№ 50 Жол тейлөө ишканасы: Кызыл-Октябрь-Үч-Булак автоунаа жолунун 8,5-10,5-чакырымдар аралыгы асфальтталып жатат.
№ 51 Жол тейлөө ишканасы: Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере автоунаа жолунун 11-чакырымынан 13,7-чакырымына чейинки аралыгына асфальт басуу үчүн жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүд
№ 52 Жол тейлөө ишканасы: Жалал-Абад-Благовещенко жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы