Жалал-Абад-Казарман унаа жолу асфальтталууда
- 49 просм.
Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №31 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
Сузак районуна караган бул жолдун учурда 2 чакырымы (жолдун 16-18-чакырымдар аралыгы) жасалууда. Азыркы тапта жумуштар ортодон ооп, 1,4 чакырымына асфальт басылды.
Белгилей кетсек, жол куруу жумуштары бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кызматы