mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолу асфальтталууда

Сузак районуна караган Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. «Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №52 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолдун 0-1,4-чакырымдар аралыгына асфальттын астыңкы катмарын төшөп, лотокторду орнотуп жатат. Алдыда аталган тилкеге экинчи катмар басылып, тротуар куруу жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.

Андан соң жолдун 1,4-2,8-чакырымдар аралыгы асфальтталат.

Белгилей кетсек, жумуштар бардык жол куруу нормаларына жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы