Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн мобилдик тобу Токтогул районундагы “Кетмен-Төбө” ЖЧКсынын айдоочуларын текшеришти
- 91 просм.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн мобилдик тобу Токтогул районундагы “Кетмен-Төбө” ЖЧКсынын айдоочуларын текшеришти.
Бул иш-чара Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын ички Буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө. Буйруктун негизги максаты, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү жана айдоочулар тарабынан эмгектин жана эс алуунун белгиленген режиминин сакталышын дыкат текшерүүгө алуу болуп саналат.
Текшерүү учурунда жогоруда белгиленген башкармалыктын инспекторлору Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 393-беренесинин жүргүнчүлөр үчүн зарыл маалыматтын жоктугу бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобил транспортунун кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу боюнча 2 протокол түзүлүп, мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы