Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди
- 11 просм.
Бүгүн, 26-февраль күнү саат 20:30дан тарта Долон ашуусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу айдоочулар!
Аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоону өтүнөбүз. Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы