Бүгүн, 19-апрелге карата жол оңдоо иштери боюнча кыскача маалымат
- 102 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын аймактардагы жолчулары өздөрүнө тиешелүү жол участоктордо тишелүү иштерди жүргүзүшүүдө .
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын №47 жол тейлөө ишканасы тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 84-86 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери аткарылууда.
№48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 0-3 чакырым аралыгында аң-чөнөктөрдү оңдоо ошондой эле 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, орто оңдоо иштеринин алкагында 25,5-26.4 чакырым аралыгында эски асфальт катмарын алуу иштери жүрүүдө.
№9 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Бишкек – Ош жолунун 154-чакырымында, ал эми Ноокен райондук №51 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолунун аң-чөнөктөрүн оңдошууда.
Казарман-Акталчат унаа жолунун 3500 метринде жайгашкан суу өтүүчү түтүк толуп калгандыгына байланыштуу, №18 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тарабынан жаны тетиктер менен алмаштырылып, кайрадан орнотулду.
Ал эми №41 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Бишкек-Нарын-Торугат унаа жолунун 271-372-чакырымдарында парапеттин түбүндөгү кум, шагылдарды, таштандыларды тазалашып, жол белгилерин актап сырдашты.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы