Бүгүн 10-майга карата жолчулардын аткарган иштери тууралуу маалымат
- 99 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 1-чакырымындагы көпүрө оңдолуп, 1-3-чакырымдарына чейинки жолдун жээги оңдолуп, тегиздөө иштери жүргүзүлдү.
№51 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Ленин жол-Арал-Сакалды унаа жолунда эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт басууга даярдыктарды жүргүзүшүүдө.
№51 Жол тейлөө мекемесинин жумушчулары Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 179-850-чакырымдарында кошумча суу өткөрүү түтүкчөсүн орнотуу жумуштары аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.