Быйыл кайсы жолдор жаңыланып, пайдаланууга берилди?
- 23 просм.
Өлкөнүн кан тамыры, экономиканын күзгүсү жана көрсөткүчү аталган жол-транспорт тармагында быйыл бир катар ири жолдордун ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди.
Өз милдетин ашыгы менен аткарып, эбак жарактан чыккан Өзгөн-Мырзаке-Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өттү. Замандын талабына ылайык салынган жолдун курулушу 4 айдын ичинде жыйынтыкталды.
Ага улай, көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош-Баткен-Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, регионалдык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы