«Бишкек шаарынын түндүк айланма автожолун реконструкциялоо» долбоору
- 356 просм.
Алматы-Бишкек-Ташкент автожолунун Бишкек шаарын айланып өтүүчү тилкеси учурда авто унаалардын интенсивдүүлүгү жогорулап, жолдо ан-чөнөктөрдү көбөйгөндүгүнө байланыштуу реконструкциялоо талабы көтөрүлгөн.
Аталган авто жолду реконструкциялоо максатында министрлик тарабынан долбоор иштелип чыгып, ишке ашыруу иштери башталган.
2024-жылдын июлунда 2019-жылы даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо аяктады, анткени долбоордун баштапкы маалыматтары 2019-жылдан бери өзгөргөн. Себеби азыркы күнү авто транспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгү жогорулады, жол боюнда жаңы курулуштар пайда болду, жумуштун наркы жана валюта курстары өзгөрдү.
Реконструкциялоого Сокулук айылындагы МАИ постунан баштап Новопокровка айылына баруучу автожол менен кесилишине чейинки участогу каралууда, жалпы жолдун узундугу 33,4 км түзөт.
Учурда министрлик аталган автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууну каржылоого эл аралык каржы институттарына кайрылууларды жөнөтүп, финансы булагын табуу үстүндө иш алып барууда.
Маалымат ирээтинде айта кетсек: 2024-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин м.а А.Сыргабаев Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан Тажикстан жана Түркмөнстандагы директору А.Рустамова жана ЕРӨБдүн аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушууда Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо” жана “Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо” долбоорлору талкууланды. Тараптар эки долбоор боюнча ишти жүргүзүүгө кызыктар экендигин билдирип, маселелерди деталдуу изилдеп, чечүү үчүн кошумча жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашышты.
Министрдин м.а. А.Т.Сыргабаев түндүк айланма жолдогу долбоорду ишке ашырууда орун алган кыйынчылыктарга карабастан, өнөктөштөрдү бардык пайда болгон кыйынчылыктарды тез арада чечүүгө толук даяр экендигине билдирди.
министрликтин маалымат кызматы