Бишкек-Ош унаа жолу: Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт
- 596 просм.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-октябрдан 17-октябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдар аралыгында (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат.
Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы