mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-ош унаа жолу: Каттам бар

Бишкек-Ош унаа жолунун 368-374-чакырымдар аралыгы ачылып, каттам жанданды. Жеринде №30 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын күчү менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-июнь күнү кечки саат 17:30дар чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган. 368-374-чакырымдар аралыгында түшкөн селдин кесепеттерин (6 жерден түшкөн таш, шагылды) жоюуга ошол замат 10дон ашык техника тартылган. Тынымсыз тазалоонун натыйжасында жол ачылып, каттам берилди.

Учурда сел агымынын көлөмү такталууда, алдын-ала маалыматтарга караганда жолго түшкөн таш, шагылдын көлөмү 50 миң м3ду түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы