mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр өттү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев менен Япониянын Эл аралык Кызматташуу Агенттигинин өкүлдөрү (JICA) Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти.
Кошумча көпүрө куруу Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгы кошумчаланды.
 
Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда.
 
Белгиленгендей, көпүрө куруу учурунда экологиялык жана социалдык маселелерге тийиштүү көңүл бурулат.
 
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы