mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү тазаланды

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, жол ачылды.

Көчкүдөн 5 жеңил унаа чыгарылды, жабыркагандар жок. Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Ал эми буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилейт. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы